kyrgyzstan

КЫРГЫЗЫСТАН КАРТА

Кыргызстан, расмий түрдө Кыргыз Республикасы — Борбордук Азияда жайгашкан мамлекет. Түндүктө Казакстан, батышта жана түштүк-батышта Өзбекстан, түштүк-батышта Тажикстан жана чыгышта Кытай менен чектешет. Кыргызстан ― басымдуу аймагы тоолуу аймактарды камтыган, деңизге чыга турчу жери жок өлкө.

Кыргызстан — унитардыкмамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, президенттик мамлекет.

Борбор шаары — Бишкеккалк боюнча республиканын эң ири шаары. Анын туруктуу калкы 1 миллион адамдан ашат.

Өлкөдөгү туруктуу калктын саны 2021-жылдын башына карата баалоо боюнча 6,6 миллион ашуун адам түзөт[3]. Кыргызстан 2020-жылдын башына карата бааланган калкы боюнча дүйнө жүзүндө 110 орунду ээлеген[6]. 25 ноябрь 2015-жылы Кыргызстандын 6-миллиончу жараны туулган[7].

Кыргызстандын аянты 199 951 км² түзөт. Суу бетинин аянты өлкөнүн аянтынан 4,4 % түзөт.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандын адамдын өнүгүү индекси 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,697 (орточо) түзүп, 138 изилденген өлкөлөрдүн арасынан 120 орунду ээлеген[5]Советтер Союзу кулагандан бери (1991-жылы) өлкөдөн эмгек миграция калыптанган. Кыргызстандын 700 миң ашуун жараны эмгек мигрант болууда. Эмгек мигранттардын негизги агымы Орусияга (2018-жылы 640 миң ашуун) кетет, ошондой эле Казакстанда, Түркияда жана АКШда иштегендер да көп. Алардын акча которуулары ИДӨнүн үчтөн биринен ашуун түзөт. Бул көрсөткүч боюнча өлкө дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлейт. Акча которуулар өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартууга маанилүү салым кошот[8][9].

Кыргызстан 1992-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Ошондой эле өлкө КМШЕАЭБЖККУШКУИКУТүрк КеңешининТҮРКСОЙ сыяктуу бир катар уюмдардын мүчөсү.

Мазмуну

Этимология

«Кыргызстан» ― өлкөнүн аталышы «кыргыз жери» дегенди билдирет. Ал «кыргыз» этнониме перс (фарс) тилинен алынган «стан» суффиксин кошуусу менен жаралган[10].

Кыргызстан өлкөнүн аталышы катары азыркы чек арадагы 1924-жылы негизделген чөйрөсү тууралу айтылат. Андан тышкары азыркы учурдагы анын чөйрөсүндөгү болуп турган жана социалдык, маданий, саясий орун басуучулук менен 1991-жылы түптөлгөн мамлекетти ― Кыргыз Республикасын да билдирген кыскача, расмий аталыш.

Тарых

Негизги макалаКыргызстандын тарыхы

Кыргыздардын тарыхы XXII кылымдан (2200-жыл) ашуун убакыттан бери ар түрдүү маданияттарды жана дөөлөттөрдү камтыйт. Байыркы маданиятын сактоого жардам берип келаткан, анын бийик тоолуу жерде алыста жайгашканына карабастан, өлкө Улуу Жибек жолунда жана башка соода жана маданий каттамдардын алкагында бир нече улуу маданияттардын кесилишинде турган. Жайгашкан чөлкөмүндөгү аймактык ар кандай саясий, социалдык-экономикалык, аскердик жашоодо активдүү катышкан.

Байыркы мезгил

Кыргызстандын территориясында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө  А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.

Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегилип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана  коло доорунун ыйык саналган зор борбору.

Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.

Биздин эрага чейинки  III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.

Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Күнбаг (ккэ бир булактарда Күнбий) б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин курамына кирген. Даван (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.

VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.

Батыш Түрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып,  Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясий жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон.

Батыш Түрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.

Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн  улуу чыгармаларын жаратышкан.

Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.

XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.

XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон.  

XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат.









Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу — дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат.

Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

ЦветPANTONECMYKRGBHEX
КызылPANTONE 1788 C0-100-100-0255-0-0#ff0000
Сары (Алтын түс)PANTONE Yellow C0-0-100-0255-255-0#ffff00
%d0%b3%d0%b5%d1%80%d0%b1

[:kg]Журналисттер Жогорку Кеңештин депутаттарына бир нече суроо менен кайрылып, сурамжылоо жүргүзүптүр. “Герб качан кабыл алынган?” – деген суроого 1991-1994-жыл деп көптөгөн депутаттар так жооп бере алышкан эмес.

КРнын герби 1994-жылы 14-январда кабыл алынган, авторлору А. Абдыраев, С. Дубанаев.

Похожие записи

Один комментарий

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *