Географиялык карталар жер бетинин кичирейтилип, жалпыланып, математикалык жактан Ватикандагы географиялык карталар галереясы (16-к.). аныкталып тегиздикке түшүрүлгөн сүрөттөлүшү. Картада (максатына карата) тандалган жана мүнөздөлгөн табигый жана коомдук кубулуштар өзара байланышта жайгаштырылат. Географиялык карталарга атайын картографиялык проекцияларды пайдалануу, көрүнүштөрдү белгилөө системасы картографиялык белгилер (символдор) аркылуу сүрөттөө, картага түшүрүлүүчү кубулуштарды тандоо жана жалпылоо (картографиялык генерализация) мүнөздүү. Географиялык карталардын биринчи өзгөчөлүгү картографиялык проекциялардын негизинде жердеги объектилердин абалы, пландагы өлчөмү жана формасы жөнүндө туура маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүүчү картаны түзүү. Экинчи өзгөчөлүгү картанын бөтөнчө тили катары картографиялык белгилерди пайдаланып: а) бүткүл жер бетин же анын бир бөлүгүн каалагандай кичирейтип, бирок керектүү объектини көрсөтүүгө; б) картада жер бетинин рельефинин ар түрдүүлүгүн туюндурууга; в) картага нерселердин сырткы көрүнүшүн тартуу менен гана чектелбей, алардын ички мазмунун да баяндоого; г) көрүнүп-туюлбаган кубулуштарды да (мисалы, жер астындагы суулардын же кендердин жайгашуусу, магниттик күчтөрдүн багыты жана башка) так сүрөттөп көрсөтүүгө; д) айрым объектилерге мүнөздүү майда, анча маанилүү эмес көрүнүштөрдү таштап, картага көбүнчө олуттуу, жалпы түрдөгү кубулуштарды түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Үчүнчү, негизги өзгөчөлүгү картага түшүрүлүүчү материалдарды тандоо жана жалпылоо, б. а. картографиялык генерализация жасоо. Табигый ресурстарды туура пайдаланууда, өндүргүч күчтөрдү рационалдуу жайгаштырууда, түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда, өткөн же азыркы табигый же коомдук окуяларды, кубулуштарды талдоодо, алардын законченемин табууда атайын жана так карталардын жардамы чоң. Географиялык карталар жалпы географиялык жана тематикалык болуп бөлүнөт. Тематикалык карталарда (мисалы, геологиялык, климаттык) айрым элементтер гана толук көрсөтүлүп, жалпы географиялык картага кирүүчү калган элементтер көрсөтүлбөйт. Алар өзүнчө экиге бөлүнөт: а) табигый кубулуштардын (физикалык-географиялык) карталары; б) коомдук кубулуштардын (социалдык-экономикалык) карталары. Булардын ичинен атайын карталарды (мисалы, деңиз жолдорунун, туристтик, долбоорлоо, учкучтар картасы жана башка) ажыратуу керек. Аймактык белгиси жагынан географиялык карталар дүйнөлүк, материктик, мамлекеттик, океандык, деңиздик жана башка карталарга бөлүнөт. Тематикалык өзгөчөлүктөрүнө карата географиялык карталар жекече же тармактык (температура картасы) жана жалпы карталар (кубулуштарды толук мүнөздөөчү), же болбосо көп тармактуу мүнөздөгү комплекстүү карталар деп аталат. Географиялык карталар масштабы боюнча кичине (1:1 000 000дон кичине), орто (1:200 000ден 1:500 000ге чейин) жана ири (1:100 000 жана андан чоң) масштабдуу деп бөлүнөт. Мындан тышкары маалымат берүүчү карта, окуу картасы, туристтик географиялык карталарлар болот. Географиялык карталардын сапаты алардын толуктугуна, тактыгына жана пайдаланылган маалыматтардын жаңылыгына, ошондой эле карталардын прогресчил илимий принциптерге, идеяларга негизделишине байланыштуу. Байыркы доордон тартып азыркы абалына чейин картографиянын өсүпөнүгүшүнө коомдун, илимдин, техниканын өркүндөшү, картага болгон социалдык талап чоң таасир этти. Илимдин, техниканын жетишкендиктери (аэрофотосъёмка, космостук апараттарды пайдалануу жана башка) карта түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.
Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.
Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.